Абай облусунда өрттөн каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 7 миллион теңгеден төлөнөт

Абай облусунда өрттөн каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 7 миллион теңгеден төлөнөт

Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин башчысы өкмөттүн атайын комиссиясына берди. Белгилей кетсек, комиссия өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана анын кесепеттерин жоюу максатында түзүлгөн. Анын курамына тармактык министрликтердин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирди. Премьер-министр Абай районундагы ири табигый өрттү өчүрүү жана андан жабыркаган үй-бүлөлөргө керектүү колдоо көрсөтүү маселелери боюнча чукул жыйын өткөрдү. Ошону менен бирге Алихан Смаилов жаратылышты коргоо жана токой чарба мекемелерин нормативдик материалдык-техникалык жактан жабдуу, өрттүн чыгышын эрте аныктоо, видеокөзөмөл жана мониторинг системаларын киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:

- Өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө “Казакстан калкына” фондунан 7 миллион теңге, ал эми ар бир жашы жете элек балага 2 миллион теңге бөлүнөт. Ошондой эле, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүн керектүү колдоо чаралары менен камсыздоо үчүн өзүнчө фонд түзүлдү. Буга кошумча, өлкөдөгү 40тан ашык жогорку окуу жайлары өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студенттерине грант жана жатаканадан орун берүүгө даяр. Акы төлөнүүчү студенттерди грантка которуу каралууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков