Үй-бүлөнүн санариптик картасы түзүлдү

Үй-бүлөнүн санариптик картасы түзүлдү

Бүгүн Казакстанда «Үй-бүлөнүн санариптик картасы» ишке кошулат. Азырынча пилоттук режимде иштейт. Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул маалыматтык система жарандарга проактивдүү форматта, башкача айтканда, алуучунун кайрылуусун күтпөстөн жардам көрсөтүүгө багытталган. Белгилей кетсек, долбоор бир нече этап менен ишке ашат. Биринчиден, жөлөкпулдардын жана социалдык төлөмдөрдүн 9 түрү боюнча жаңы форматта кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, экинчиден, жаңы жылдан тарта тизме социалдык коргоо тармагындагы кызматтар менен толукталат, үчүнчүдөн, 2024-жылдын үчтүн айынан баштап мамлекеттик саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кепилдиктер киргизилет. Бүгүнкү күндө “Үй-бүлөнүн санариптик картасында” 19 миллион 400 миң жарандын маалыматтары камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков