Каспий түтүк консорциумунун мунай кууру аркылуу Казакстандагы кара алтын көлөмү жылына 72,5 миллион тоннага чейин жеткирилет. Бүгүнкү күндө Теңиз-Новороссийск куур системасы аркылуу «кара алтындын» жылдык өткөрүү көлөмү 67 миллион тоннага жетет. Өткөн күнү Казакстан, Орусия, АКШ, Италия, Улуу Британиянын акционерлери Каспий түтүк консорциумунун актуалдуу маселелерин карашты. Компаниянын өкүлдөрү баса белгилегендей, учурда түтүк тутумундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча программа ишке ашырылууда. Ал 2019-жылдын жайында башталган, кийинки жылдын аягында бүтүшү керек. Ал аяктагандан кийин өткөрүү кубаттуулугу Казакстан аркылуу, Орусиянын аймагы аркылуу 83 миллион тоннага чейин жогорулатылат. Жетинин айынын 15не карата Деңиз терминалында мунайдын ташылуусу 49,8 миллион тоннага жетти. Жыл башынан бери өткөн айдын ортосуна чейин 448 цистерна жүктөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков