Алматыдагы мамлекеттик борбордук музейде тарыхый зер буюмдары көпчүлүктүн назарына коюлду. Музейде ар кыл тарыхый доорлорго таандык 14 миңден ашык зер буюмдары сакталуу турат. Алардын жети жүздөн ашыгы жакында эле калыбына келтирилген. Маселен, бул сөйкө 2013-жылы археологиялык экспедиция учурунда Күлтөбе дөбөсүнөн табылган. Адаттан тыш формадагы оюм-чийим анар менен капталган. Алтындан жасалган буюм биздин замандын 2-4-кылымдарына таандык.
Шолпан Турсынбаева, Казакстандын мамлекеттик музейинин бөлүм башчысы:
– Бул музейдеги археологиялык казуулардан табылган буюмдар экенин баса белгилегим келет. Култөбеден,Түштүк Казакстандан табылган сөйкө бар. Таза алтындан жасалган. Андан кийин анарлар менен кооздолгон. Бул сөйкө биздин көргөзмөдө биринчи жолу коюлуп жатат.
Ринат Сонарбаев, калыбына келтирүүчү:
– Зер буюмдарын калыбына келтирүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонобуз. Зат бүдөмүк же кир болсо, биз аны тазалайбыз. Бирок, мисалы, күмүштөн жасалган зер буюмдарды алсаңыз, аны кислоталарга чылап, анан самындап жылуу тазалаган сууга жууп алабыз. Андан кийин аны кургатып, аарчып алабыз жана ал өзүнүн баштапкы көрүнүшүн алып, жылтырак пайда болот.
Экспозицияда легендага айланган 19-20-кылымдагы казак аялдарынын зер буюмдары да коюлган. Мында Эл артисти Шара Жиенкулованын эки билериктери, ырчы Жамал Омарованын белбоосу менен тумары бар. Опера ырчысы Күляш Байсеитованын сахналык жасалга буюмдары да көргөзмөнүн көркүн ачып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков