Инвестицияны эмнеден баштоо керек?

Инвестицияны эмнеден баштоо керек?

Инвестиция кылууну ойлогон ар бир адам кылдаттык менен чечим кабыл алышы керек. Чөнтөгүңүздө канча акча бар экени маанилүү эмес. Ийгиликтин ачкычы – мерчемдөө жана конкреттүү максатка жетүү, - дейт финансисттер. Бүгүнкү күндө казакстандыктар арасында инвестиция темасы актуалдуу боло баштады. Бул чындык KACE эсептөөлөрү менен тастыкталган. Теке айынын аягында эле 180 000 адам баалуу кагаздарга инвестиция салуу үчүн эсеп ачкан. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 50 миңге көп.

Наталья Хорошевская, KASE башкарма төрагасынын орун басары:

- Биржа өкүлдөрүнүн мындай динамикасы абдан жакшы көрсөткүч. Биздин оюбузча, бул биринчи кезекте эки факторго байланыштуу. Биринчиден, жеке адамдардын каржылык сабаттуулугунун өсүшү. Ошондой эле, акыркы бир жарым жылдын ичинде биз брокердик кызматтарды санариптештирүүнүн өтө жогорку ылдамдыгын көрдүк. Башкача айтканда, брокердик уюмдардын мобилдик тиркемелерди түзө алышы, кардарлардын шайкеш келүүсү, онлайн эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болуусу.

Буга карабастан, жергиликтүү фонддук рынокто инвестициялык куралдардын тизмеси чектелүү бойдон калууда, ал эми айрымдары таптакыр жок. Андыктан казакстандыктар чет элдик сайттарга кирүүгө аргасыз. Айрым учурларда ата мекендик компаниялар IPOго таянышат. Бирок алардын элдик IPOго катышуусу финансылык абалга жана чекене инвесторлорго оң таасирин тийгизиши мүмкүн.

Арман Батаев, каржы боюнча серепчи:

- Рынокто жеке оюнчулар көп болгон кезде акционерлер ар дайым жемиштүү жана ийгиликтүү болууга умтулат. Ошол эле учурда, компаниянын капитализациясынын өсүшүн камсыздайт. Жеке менчик, албетте, мамлекеттик менчикке караганда алда канча пайдалуу. Эгерде бул жеке колдо болсо, анда бардык адамдар да, жумушчулар да, менчик ээлери да, жогорку жетекчилик да жакшы натыйжаларга жетишүүгө кызыгуу менен карайт.

Арман Батаевдин айтымында, казакстандык компаниялардын көпчүлүгүндө биржаларга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, аны колдонгондор аз. Себеби, IPO талап кылган коомдук макам топ-менеджментке пайдалуу эмес.

Арман Батаев, каржы боюнча серепчи:

- Эреже катары, чет өлкөдө классикалык түрдө рынокко чыккан акцияларды нөлдүк баада же арзан баада чоң арзандатуу менен сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Топ-менеджмент ар дайым компаниянын IPOго чыгуусуна кызыгуу билдирет, ошондуктан ал бул варианттардын, акциялардын өсүшүн камсыз кылышы мүмкүн. Тилекке каршы, бул өзгөртүүлөр биздин өлкөдө киргизилген эмес.

Тажрыйбалуу оюнчулар убактысын текке кетирбөөнү чечкен казакстандыктарга бүгүнкү күндө рыноктогу кырдаал жакшы экенин айтып, инвестиция салууга кеңеш беришет. Муну менен катар, тажрыйбалуу инвесторлор бир компанияга эмес, биргелешкен каржы уюмдарына колдо болгон капиталдын 20 пайызынан ашпаган көлөмдө инвестиция салууну сунушташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков