«Үчтүн айындагы окуялар» учурунда 300гө жакын курал уурдалган

«Үчтүн айындагы окуялар» учурунда 300гө жакын курал уурдалган

Үчтүн айынын башында Казакстандагы массалык баш аламандыктар жана террордук актылар боюнча прокуратурада 180ден ашуун иш тергелип жатат. Жалпысынан 3096 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү атайын брифингде билдиришти. Маалыматка ылайык, 741 адам каракчылык, курал уурдоо жана тартип сакчыларына күч колдонгон деп шектелүүдө. Алардын 113ү мурда соттолгон болсо, 42си тыюу салынган экстремисттик топтун мүчөлөрү. Жалпысынан үчтүн айындагы окуяда үч миңдей курал-жарак уурдалган. Азырынча укук коргоо кызматкерлери алардын үчтөн бирин гана табышты.

Котогон: Илгиз Жамалбеков