Туристтик полициянын дарамети артууда

Туристтик полициянын дарамети артууда

Нигериялык Авраам Салако - Баянаул аймагынынын кооз жерлерин көрүүгө кызыктар адамдардын бири. Ал жергиликтүү жогорку окуу жайында билим алат. Аймактын кооз жерлерин көргүсү келген саякатчыга туристтик полиция жардамга келди. Инспекторлор бир нече чет тилдерди билишет жана эс алуучуларга маалыматтык колдоо көрсөтүшөт.

Авраам Салако, турист:

- Казакстанга билим алуу үчүн келдим. Келечекте бул өлкөнүн ар бир аймагын кыдыргым келет. Жаратылышы жана элинин маданияты менен таанышкым келет. Сапарымды Баянаулдан баштадым. Тоолору жана аскалары таң калтырды. Бүгүн күн суук, бирок менин маанайым жакшы.

Курорттук аймакта полиция кызматкерлери чет элдик туристтер менен гана иштешпестен, коомдук тартипти сактап, коопсуздукту камсыз кылышат. Кызматкерлер электромобилдер жана квадроцикл транспорттору менен жүрүшөт.

Икрам Каленов, туристтик полициянын инспектору:

- Чет элдиктердин көпчүлүгү казакча же орусча билишпейт. Биз алар менен англис тилинде сүйлөшөбүз. Баянаулдун кооз жерлерин көргүсү келет. Кээде гид болуп иштейбиз. Башкача айтканда, туристтик жайлар жөнүндө маалымат берип, жол көрсөтөбүз.

Мурат Мусатаев, Баянауыл райондук ііолция бөлүмүнүн башчысы:

- Туристтик полиция кызматкерлери аймактын кооз жерлериндеги ири объектилерде нөөмөттө турушат. Атап айтканда, Борбордук жээкте, Баянаул районундагы Улуттук паркта. Алар күнү-түнү нөөмөттө турушат. Жасыбай эс алуу аймагында жана Торайгыр эс алуу аймагында инспекторлорубуз бар. Бардык кызматкерлер 12 саат бою иштешет.

Өткөн жылы Павлодар аймагынын кооз жаратылышын көрүү үчүн 70 миң конок келген. Ал эми быйыл чет элден келген коноктордун саны көбөйдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков