Өрттү эрте аныктоо системасы быйыл 24 жаратылышты коргоо ишканасына киргизилет

Өрттү эрте аныктоо системасы быйыл 24 жаратылышты коргоо ишканасына киргизилет

Казакстанда токой өрттөрүн эрте аныктоочу автоматташтырылган система киргизилип жатат. Бирөө Абай облусундагы «Семей орманы» коругуна орнотулду. Анын аянты 650 миң гектардан ашык. Камералар токойдун абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, түтүндү каттайт. Андан кийин бардык маалымат автоматтык түрдө кырдаалдык борборго келип түшөт. Видеокөзөмөл жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен жүргүзүлүп, 25-30 километр радиустагы өзгөрүүлөрдү каттоого алат.  Азырынча сыноо режиминде ишке киргизилген долбоорго 37 миллиард теңге бөлүнгөн. Толук ишке киргенден кийин ал токой өрттөрүнүн алдын алууда маанилүү роль ойнойт. 

Ерлан Нысанбаев, Экология жана жаратылыш ресурстары министри:  

- Быйыл биз мындай системаны 24 жаратылышты коргоо ишканасына киргизебиз. Семейдин 5 токой чарбасында орнотулду. Акмола жана Костанай облустарында – Наурзум коругунда жана Астананын «жашыл» алкагында орнотула баштады. Камтуу аянты 102 миң гектарды түзөт. 

Которгон: Назира Бегалиева