Казакстан космос жандоочторуна 140 миллиард теңгеге жакын каражат жумшайт

Казакстан космос жандоочторуна 140 миллиард теңгеге жакын каражат жумшайт

Бул тууралуу «Казакстан Космос Сапары» билдирди. 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңыланган планына ылайык, өлкө ички рынок үчүн өзүнүн космостук аппаратын долбоорлоп, чыгарат. Бул жерди алыстан зонддоочу жогорку жана орто аралыктагы ракеталар, мунун аркасында күнүнө бери дегенде бир жолу космостук сүрөттөрдү тартуу мүмкүнчүлүгү болот. Натыйжада KazEOSat-2 жана KazEOSat-1 алмаштырылат. Мындан тышкары алар чакан жандоочторду чыгарууну көздөп жатышат. Бул максаттар үчүн жеке инвестициялар тартылат. Ошол эле учурда технологияларды сыноо үчүн долбоорлоо жана учуу тарыхын иштеп чыгуу жумуштары быйыл башталат. 2024-жылдан тарта чакан өндүрүшкө өтүү мерчемделүүдө. Буга кошумча өлкө эл аралык буйрутмачылар үчүн космостук жабдыктарды иштеп чыгуу боюнча тетиктерди жана кызматтарды жеткирүүгө катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков