Актауда Азербайжан аба жолдорунун учагынын кыйрашынан 29 адам аман калып, 38 адам каза болду. Бул расмий маалыматтар. Муну өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, премьер-министрдин орун басары ырастады. Канат Бозумбаевдин айтымында, ооруканага жаткырылгандарга толук кандуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ошондой эле ишке республикалык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу адистер тартылды. Казакстанга Азербайжандын санавиация бригадасы жана Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын штабы да келип, өз жарандарын эвакуациялады. Жабыр тарткандардын жана каза болгондордун туугандары да өлкөгө келишет-аларга облустун акимчилиги зарыл көмөк көрсөтөт. Ошондой эле, алар менен психологдордун топтору иштешет. Учак кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Канат Бозумбаев, Премьер-министрдин орун басары:
- Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык далилдер чогултулат, зарыл болгон экспертизаларды жасашат жана чектеш мамлекеттердин кызматтары менен өз ара аракеттенүүнүн кулашынын себебин - кара кутучаны чечмелөө жана башкалар. Биз аларды, албетте, дароо жарыялайбыз. Азыр кандайдыр бир билдирүү жасоо жана учактын кулашынын себептерин аныктоо эрте. Адситер иш алып бара берсин. Бардыгы Казакстан Республикасынын юрисдикциясында. Авиакырсык Казакстан Республикасында болду. Бардык тергөө башкы прокурордун катуу көзөмөлүндө.
Окуя болгон жерде учактын конструкцияларын демонтаждоо иштери улантылууда. Бардыгы болуп кырсыктын кесепеттерин жоюуга 300дөн ашык адам, 100дөн ашык техника, 2 аба кемеси жана 6 кинологиялык эсеп тартылган. Эскерте кетсек, аба кемесинин бортунда 4 өлкөнүн-Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Орусиянын жарандары болгон. Казакстандыктардын алтоо, анын ичинде бир бала каза болду. БУУнун Башкы катчысы да көңүл айтып, жабыр тарткандардын баарына толук калыбына келүү жана тезирээк сакайып кетүүнү каалады. Азербайжанда бүгүн Баку-Грозный авиа каттамында каза болгондордун аза күтүү күнү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

