Казакстанда эски шаардын орду табылды

Казакстанда эски шаардын орду табылды

Казакстандык археологдор дагы бир сенсациялык жаңылыкка туш болушту. Түркестан аймагында байыркы шаардын орду табылды. Анда казуу иштеринин жүрүшүндө көлөмү чоң имараттын дубалдары аныкталды. Окумуштуулар ал бир нече кабаттан турган деп болжолдоп жатышат.

Окумуштуулардын айтымында, байыркы шаардан табылган буюмдар 8-9-кылымдарга таандык. Казуу учурунда жаанын жебеси табылган. Учурда окумуштуулар экспонаттарды талдап жатат.

Айсулу Ержигитова, археолог:
-
Эки жума болду, эми гана изилдеп баштадык. Азыр биздин оюбузча Келес дарыясынын жээгинде жайгашкан, көлөмүнө караганда абдан чоң жана өзгөчө шаардай көрүнүп турат. Ошондуктан жакшы бир өзгөчө курулуштар табылат деп ойлойм.

Бакдаулет Сыздыков, Илимий долбоордун жетекчиси:
-
Биздин илимий ишибиздин негизги максаты – бул шаардын курулуш кабаттарын аныктоо. Шаардын жашын билүү. Калаа качан пайда болгон жана ал канча убакытка чейин турган? Өнүгүү этаптары. Кыйроо кайсы мезгилде болду? Ушул тууралуу материалдарды чогултуу. Шаардын калкынын жашоо тиричилигин аныктоо.

Азыр деле казуу иштери уланып жатат. Жалпысынан бул аймакта Келес дарыясынын Сырдарыяга куйган жеринде 600дөн ашык көрүстөн жана мүрзөлөр бар. Шаардын жана көрүстөндүн жанынан табылган буюмдар алгач атайын лабораториялык экспертизага жөнөтүлөт. Кийинчерээк музейдин фондусуна өткөрүлүп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков