2025-жылы Астананын жалпы аймактык продукциясында чакан жана орто бизнестин үлүшү 60%га жетиши мүмкүн. Бул тууралуу шаардык экономика жана бюджеттик пландоо башкармалыгы билдирди. Ошондой эле, болжолдоого ылайык, борбор калаанын жалпы аймактык продукциясы жакынкы эки жылда 4,5-5,5% деңгээлинде өсүп, 2025-жылы болжол менен 12 триллион теңгеге жетет. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 8,5 трлн. 2023-жылы бюджеттин кирешеси беш жүз жыйырма жети миллиард теңгеден ашат деп күтүлүүдө. Атап айтканда, бул салыктык жана салыктык эмес, ошондой эле негизги фонддорду сатуудан түшкөн кирешелер. Эске сала кетсек, баш оона айынын 27синдеги өкмөттүн жыйынында өлкөнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү болжолу бекитилген. Базалык сценарийде бул мезгилде ИДПнын орточо жылдык өсүшү 3,9%ды, анын ичинде 2023-жылы 4%ды жана 2027-жылы 4,2%ды түзөт деп айтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков