Астанада Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жеке
буюмдарынын көчмө көргөзмөсү уюштурулду. Агартуучулук иш-чарасында борбор
калаанын окуучулары башка экспонаттар жана архивдик документтер менен
таанышышты. Ошондой эле, легендарлуу казак жоокерлери Бауыржан Момыш уулунун,
Талгат Бегельдиновдун, Сагадат Нурмагамбетовдун, Тилеугали Абдибековдун жана
Хиуаз Доспанованын фото сүрөттөрү көрсөтүлдү. Жоокерлердин медалдары менен
согуш талааларында табылган снаряддын сыныктары жаш муундун өзгөчө көңүлүн
бурду.
Даулет Кадыров, Аскерий-тарыхый музейдин башчысы:
Биздин көргөзмөнүн максаты-согуш ардагерлерин урматтап, рухуна таазим этүү.
Башкача айтканда, мекен үчүн өрт кечкен баатырларыбыздын эрдиктерин үлгү тутуп,
жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо. Бул көчмө көргөзмөдө биз музейдин фонддорунда
сакталган экспонаттардын аз гана бөлүгүн көрсөттүк. Өзгөчө өлкө эртеңи жаштар,
окуучулар, тарыхыбызга кызыгуучулук таанытат деп ишенебиз.
Бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик тарых музейинин ушуну менен
8-көчмө көргөзмөсү. «Казакстан Улуу Ата
Мекендик согуш жылдарында» экспозициясы борбор калаадагы дагы 30га жакын
мектепке барып, окуучулардын согуш жылдарга байланыштуу билимин толуктап, көз
карашын кеңейтет.
- Мен бул көргөзмөдөн абдан таасирлендим. Биздин ардагерлер согушкан, ата-бабаларыбыз Улуу Жеңишке болгон эрдиктерин
жасаган. Мен Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө көп нерсе билдим.
- Көргөзмөдөн музей экспонаттары жакты. Себеби мунун бардыгы түп нускада
болду. Баары көрүп, окуп, абдан кызыктуу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

