Бээ менен уйдун сүтүнөн жасалган самын. Казакстандын Жетисуу аймагында эң табигый ингредиенттердин негизинде жуучу каражаттарды жасоонун байыркы көчмөн ыкмасы кайра жанданууда. Биздин ата-бабаларыбыз ушул самынды колдонушкан. Ал микробдорду өлтүрөт. Муну менен эле дарыланышкан.
Нуржанет Ердаулет кызы байыртадан келе жаткан ыкма менен самын жасоону чоң энесинен үйрөнгөн. Ал 2019-жылы Кытайдан Казакстанга үй-бүлөсү менен көчүп келгенде, бул ыкманы заманбап түрдө жандандырууну чечкен. Үй шартында чакан цех уюштурган.
Нуржанет Ердаулет кызы, Капал айылынын тургуну:
Бул самын өзүнүн касиети боюнча өзгөчө, саамалдан, бээнин сүтүнөн жасадым. Ымыркайларга абдан пайдалуу, жаңы төрөлгөн балдарды алар менен жуунтуп алсаңыз аллергия болбойт. Ал эми бал кошулган бул самын терини чыйкан жана бырыштан сактайт. Бул элдик косметиканын бир түрү.
Аял катык, бал жана дары чөптөрдөн, жада калса жаңы жашылчалардын ширесинен самын даярдайт.
Сарагуль Нусипбай, Капал айылынын тургуну:
Илгери ата-бабаларыбыз жасаган самынды кайра жандандырып жатышат. Аны өзүбүз алып пайдаланып жатабыз. Неберелерибизди жуунтуп, колубузду жууйбуз. Табыптар эң оор жарааттарды айыктырган, жада калса операция учурунда дезинфекциялоочу каражат катары колдонушкан.
Нуржанет Ердуалет кызы самындан сырткары элдик көркөм кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Көрпө жана колго жасалган килемдерди даярдайт. Ал ошондой эле казактын самын жана текстиль өндүрүү боюнча бардык байыркы салттары айкалыштырылган ири өндүрүш ачууну кыялданат.