Көрүүчүлөр режиссер Серикбол Өтепбергеновдун Патриоттор мезгили жана Фархат Шариповдун Схема тасмаларын көрүшөт. Корея быйылкы жылы мындай шоулорду өткөргөн дүйнөдөгү тогузунчу, ал эми Азиядагы биринчи өлкө. 2022-жылдын аягына чейин казак тасмаларын дагы 6 өлкөнүн көрүүчүлөрү көрөт. Белгилей кетсек, Патриоттор мезгили Казакстан менен Орусияда жарык көргөн. Учурда тасманы АКШ, Жапония жана Кореяга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Чой Чан Мин, Шинхан университетинин актёрдук бөлүмүнүн студенти:
Чынын айтсам, казак киносун биринчи жолу көрүп жатам. Англисче билбейм, бирок сюжетти актёрлордун ойногонуна карап түшүндүм. Актёрдук чеберчилик эң жогорку деңгээлде болду. Анан кинонун өзү жакшы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков