Домбра – казак элинин генетикалык коду

Домбра – казак элинин генетикалык коду

Казакстанда Нургиса Тлендиевдин туулганына 100 жыл толгону белгиленүүдө. Юбилейге карата Астанадагы Улуттук музейде алдыңкы добрачылардын катышуусунда концерт өттү. Музыканттар улуу казак композитору жана дирижёрунун белгилүү чыгармаларын аткарышты. Иш-чара ошондой эле Казакстанда Улуттук домбра күнүнө карата уюштурулду.

Казактын элдик аспабында жандуу аткарууну угуу үчүн туристтер да келишти. Конокторго өзгөчө таасирди «Өз елим» композициясы калтырды. Көпчүлүгү суктануусун жашырбай бийлей башташты. Түштүк Кореядан келген саякатчылар тобу тил тоскоолдугуна карабастан, домбранын музыкасы алардын жүрөгүнө терең таасир эткенин айтып жатышты.

Которгон: Назира Бегалиева