Түштүк Кореяда боз үйлөр айылы пайда болду. Саякатчыларды көчмөндөрдүн жашоосу абдан кызыктырат. 16 боз үй тигилген заманбап комплекс Чеджу аралында жайгашкан. Туристтик жайга келген эс алуучулар казактын каада-салттары менен таанышып, улуттук тамактардан даам татып, ат менен да саякаттай алышат. Ошентип, Улуу Талаанын маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүн.
Ким Сон Ги, башкаруучу компаниянын бөлүм башчысы:
- Бул жерде биринчи жолу боз үйлөр тигилди. Көптөгөн туристтер аларды биринчи жолу көрүп жатышат. Монголия менен Казакстанда ушундай үйлөр бар экенин саякатка арналган телеберүүлөрдөн гана билүүгө болот. Ошондуктан, туристтер тарабынан чоң кызыгуу жаралууда. Биздин комплекс кооз жерде жайгашкан, бардык шарттар түзүлгөн. Ошондуктан эл арасында популярдуу деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков