Казакстандын аймагындагы бардык шайлоо участкалары жетинин айынын 20да өтө турган маанилүү саясий иш-чарага даяр. Бул тууралуу аймактардагы өкүлдөрдүн отчетунан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди. Учурда бюллетендер шайлоо участкаларына жеткирилип жатат. Алар ички иштер органдарынын катуу көзөмөлүндө. Белгилей кетсек, өлкөдөгү 86 шайлоо тилкесинде добуш берүү таңкы саат 6:00дө башталат. Булар аскердик бөлүктөр, түзөтүү мекемелери, сменалык жумуш орундары, санаторийлер жана стационардык дарылоо мекемелери. Чет өлкөлөрдө жалпысынан 68 шайлоо участогу түзүлгөн. Алар да Казакстандын жарандарынын добушун уюштурууга даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков