Алматыда 98 жаштагы тургун өз тандоосун жасады. Александра Полянская өмүрүндө бир дагы добуш берүүнү калтырган эмес. Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, ал өзүнүн шайлоо участкасына келген. Казак театр жана кино актеру Асанали Ашимов да өлкө үчүн маанилүү күндө четте калбоону чечкен. Ал шайлоого катышууну - республиканын саясий жана коомдук турмушуна байланыштуу өз пикирин жана позициясын билдирүү деп эсептейт.
Асанали Ашимов, Казакстандын Эмгек баатыры:
Мен элимдин жаркын келечеги, жаш муундун келечеги үчүн добуш бердим. Элдин жыргалчылыгын көтөрүү менен гана өлкө өнүгөт. Жетиштүү болсо, баары болот. Бул биринчиден. Экинчиден, илим, билим, маданият биринчи орунга чыгып, өнүгүү керек.
Шымкентте да өлкөнүн саясий маанилүү иш-чарасы ыр-бий менен өтүп жатат. Республиканын үчүнчү мегаполисинин тургундарын дээрлик бардык шайлоо тилкелеринде боорсок жана таттуулар менен тосуп алышууда. Бул жерде бардыгы болуп 311 шайлоо пункту ачылган, анын 293у өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жабдылган. Добуш берүүгө биринчи жолу барган жашы эң улуу карылар жана шайлоочулар көңүл сыртында калган жок. Алардын бардыгына эсте каларлык азем-белектер берилди.
Жандаулет Туймен, Шымкент шаарынын тургуну:
Кечээ 18ге чыктым, шайлоого келип өз добушумду бердим. Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүн каалайм!
Актөбе облусунда 517 добуш берүү пункту ачылган. Алардын үчөө Мугалжар районундагы мунайчылардын вахталык лагеринде жана 66/55 аскер бөлүгүндө жайгашкан. Дагы 15 участок жабык режимде иштеп жатат.
Нурлыбек Жусипов, Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
Жогорудагы 15 шайлоо участкасы добуш берүүнү мөөнөтүнөн мурда, саат 21:00гө чейин бүтүрө алат, анткени "Казакстан Республикасынын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, бул участкалардагы шайлоочулардын саны добуш берүү күнүнө беш күн калганга чейин кабыл алынат. Башкача айтканда шайлоо күнү бардык шайлоочулардын 100% добуш берип, аталган шайлоо участкалары жыйынтык чыгара алат.
Белгилей кетсек, аймактардагы шайлоо процессине эл аралык байкоочулар, талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү, ошондой эле коомдук фонддордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көз салышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков