Казакстандын чек арасынан өтүүдө вакцинация паспорту менен ПЧР-тест аныктамасын көрсөтүү талабы жоюлат

Казакстандын чек арасынан өтүүдө вакцинация паспорту менен ПЧР-тест аныктамасын көрсөтүү талабы жоюлат

Казакстанда чек арадан өтүүдө эмдөө паспортун жана ПЧР-тестинин аныктамаларын көрсөтүү талабы жоюлат. Буйрук кулжа айынын сегизинен тарта күчүнө кирет. Премьер-министрдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чара өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташканына байланыштуу кабыл алынды. Кошумчалай кетсек, Казакстандын жети облусунда мурда жабылган 12 өткөрүү пункту кайрадан ачылат.