Өскемен «миң жылдык тарыхы» бар шаар деп аталышы мүмкүн. Шаардын илгертеден Кеңгир-Тура деп аталганы тууралуу маалымат табылды. Бул тууралуу Гарвард университетинин илимий кызматкери, казакстандык Нурлан Кенжеахмет билдирди. Ал америкалык университеттин китепканасынан шаар тууралуу баалуу маалыматтарды тапкан. Кеңгир-Тура жөнүндөгү жазуулар диссертациянын беттеринен чыккан.
Нурлан Кенжеахмет, Гарвард университети Fairbank кытай изилдөө борборунун изилдөөчү окумуштуусу /АКШ/:
- Мен Гарвард китепканасынан электрондук версиясын окуп чыктым. Анда ал дагы Кенгир-Тураны диссертациясына кошконун байкадым. Негизинен май манжур маалыматтары аркылуу киргизилген. Диссертациясын абдан жогорку деңгээлде жазган. Абдан терең, андан кийин өтө сейрек кездешүүчү материал менен жазган.
1760-жылы Манчжур падышасынын картасында да тайгада Кеңгир-Тура деген ысым кездешет. Окумуштуунун айтымында, Өскемендин үстүнөн Кеңгир дарыясынын өткөндүгү тууралуу материалдар бар. Жергиликтүү илимпоздор да Өскемендин өзү көптөгөн тарыхый табышмактуу сыр катылганын ырасташат.
Галина Петенова, археолог:
- Өскемендин өзү тарыхый экспонаттарга жык толгон болушу мүмкүн. Мисалы, Меновное жана Ахмер айылынан орто кылымдарга таандык байыркы корумдар табылды. Мында көптөгөн петроглифтер кездешет. Мисалы, Акбауыр шаардын так жанында турат. Бул жерден сак маданиятынын белгилери табылып жатат. Тагырагы мында конуш, өлкө болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков