Мамлекет башчысы Касым-Жомар Токаев казакстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. «Бул күн - өзгөчө кубанычка жана боорукердикке толгон жаркын майрам. Бул майрамда баланын күлкүсү менен бактылуулугунан башка эч нерсе жок экенин баарыбыз ачык сезип турабыз», - деп белгиледи президент. Ал мамлекеттин негизги милдеттеринин бири өсүп келе жаткан муундун ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экенин эске салды. Ошондой эле, быйылкы жыл «Балдар жылынын» алкагында ар бир баланын муктаждыгын, талантын ачууну көздөгөн маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Жылдан жылга бул багыттагы иштер күч алууда. Анткени, өсүп келе жаткан муундун күчтүү атуул болуп өсүүсү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жаркын келечегине жол ачат - деди президент.
Которгон: Илгиз Жамалбеков