Күүчүлөрдүн республикалык сынагы

Күүчүлөрдүн республикалык сынагы

Актөбеде республикалык «Акжелең» күүчүлөрдүн республикалык сынагы өтүүдө. Белгилүү композитор, чечен Садуакас Балмаганбетовдун 80 жылдыгына арналган сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 30га жакын талапкер катышууда. Сынактын максаты – композитордун мурасын, улуттук күү өнөрүн жайылтуу жана аткаруучулардын чеберчилигин жогорулатуу.

Турар Алипбаев, Казак Улуттук Өнөр университетинин профессору:

- Негизи Садуакас улуу композитор болгон. Өзүнүн оригиналдуу чыгармалары, 20дан ашык күүлөрү, ырлары бар. Биздин максат аларды даңазалоо, жайылтуу. Казакстандын бардык аймактарынан келип жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков