Түркмөнстанда курулуш
материалдары индустриясы өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө өлкө өз өнүмүн сатуу
горизонтун кеңейтүүдө. Мисалы, жакында жергиликтүү заводдо чыгарылган
гипсокартон Грузия рыногуна жөнөтүлөт. Буга чейин ишкана КМШ жана Борбор Азия
өлкөлөрүнүн рынокторун өздөштүргөн болчу. 10 жылдан ашык тарыхы бар өндүрүш
очогу бүгүнкү күндө курулуш материалдарынын 160тан ашык түрүн жасайт. Алардын
ичинде гипсокартон гана эмес, кургак аралашмалар, шыбактар, профилдик
системалар жана асма шыптар бар. Бул жерде даярдалган бардык өнүмдөр милдеттүү
түрдө ишкананын лабораториясында сапат сыноосунан өтөт. Жогорку стандарттар эл
аралык талаптарга жооп берет.
Гозель
Чарыева, Гипсокартон өндүргөн заводдун экспорттук бөлүмүнүн башчысы:
- Биз
региондо гипсокартондон жасалган уникалдуу асма шыптарды чыгарган биринчи
ишканабыз. Бир нече жылдын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Армения,
Грузия жана Азербайжан өлкөлөрүнө экспорттолгон өнүмдүн көлөмүн көбөйттүк.
Биздин максатыбыз - чет элдик рынокто жогорку сапаттагы өнүмдөрдү чыгарып, буйрутмалардын
көлөмүн эки эсеге көбөйтүү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

