Башкы прокуратура Абай облусундагы өрттүн чыгуу себеби боюнча 3 версияны атады

Башкы прокуратура Абай облусундагы өрттүн чыгуу себеби боюнча 3 версияны атады

Биринчиси, отун сатуу максатында токойду атайылап өрттөп жиберүү. Экинчиси адам фактору, башкача айтканда коопсуздукту талаптагыдай сактабоо. Ал эми үчүнчүсүндө табигый фактордун таасири каралат. Белгилей кетсек, Абай районунда өрттү өчүрүү иштери дагы деле уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш күнү-түнү уланууда. Анын үстүнө жакын жайгашкан конуштарга коркунуч жок. Тартылган бардык күчтөр жана каражаттар жалындын айылдарга жайылышын алдын алууга багытталган. Ошондой эле, өрткө каршы аралыкты жана минералдаштырылган тилкелерди куруу, өрттүн периметри боюнча четтерине суу куюу, жалындын четин жабуу жана топурак менен толтуруу иштери улантылууда. Тилсиз жоону өчүрүүгө 1800дөй адам жана 350дөн ашык техника тартылган. Мындан тышкары, аскердик авиациянын тик учактары абадан байкоо жана суу чачуу иштерин жүргүзүүдө. Өрт башталгандан бери 5400 тонна суу колдонулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков