ЕАЭБ газынын жалпы рыногу 2025-жылга карата түзүлөт

ЕАЭБ газынын жалпы рыногу 2025-жылга карата түзүлөт

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы газ рыногун түзүү концепциясы 2016-жылы, ал эми программа жана жол картасы 2018-жылы кабыл алынган. Ал 3 этап менен ишке ашырылат. Документтин жоболору үчүнчү өлкөлөр менен газ соодасына колдонулбайт. Ошондой эле анын нормалары ички рынокторду жөнгө салуу маселелерин козгобойт. Буга кошумча өз ара соодада импорттук жана экспорттук бажы алымдары колдонулбайт деп болжолдонууда. Жалпысынан бул жаатта жалпы рынокту түзүү мүчө-мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында жайгашкан газ өткөрүү системаларын пайдалануунун экономикалык эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков