Учурдагы агро өнөр жай товарлары чыгарылган кошумча тилкелердин биринде керектүү коммуникациялар жүргүзүлүүдө. Бул жерде ондогон ишканалар түзүлүп, иштеп жатат.
Мурат Айтенов, Шымкент шаарынын акими:
- Учурда 10го жакын ишкана бар. Курулушка жер бердик. Алгач газ-электр энергиясын алып келгенбиз. Натыйжада бул жерге теке айында электр энергиясы тартылат.
Маселен, «Бозарык» агро өнөр жай аймагында 51 миллиард теңгеге 14 инвестициялык долбоор пайдаланууга берилет.
Береке Дүйсебеков, Шымкент шаары ишкердик башкармалыгынын башчысы:
- Шымкент шаарынын өзү Түркестан облусунун агломерациясынын тегерегинде, Жамбылга жана башка чек араларга жакын жайгашкан. Айыл чарба өнүмдөрүнүн басымдуу бөлүгү аталган тилкеге локализацияланганына көңүл буруп жатабыз. Ушундай жол менен биз рынокту да камсыздай алабыз.
Бүгүнкү күндө Шымкент шаары инвесторлор үчүн барган сайын тартымдуу болууда. Шаардын экономикасына 328 миллиард теңгеге жакын инвестиция салынган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 20%га көп. Ал эми өткөн 9 айдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өнүмдөрүнүн жалпы көлөмү 666 миллиард теңгеден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков