Түркстан облусунда суу электр станциясы пайдаланууга берилет

Түркстан облусунда суу электр станциясы пайдаланууга берилет

Түркстан облусунда жаңы суу электр станциясы пайдаланууга берилет. Долбоордун жалпы баасы 700 миллион теңгени түзөт. Бул жерде саатына 1,5 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Суу Келес дарыясынан атайын курулган түтүк аркылуу жогорку басым менен келет.

Бакберген Калыбеков,  долбоор мүдүрү

- Клапандар жана турбиналар суунун басымы менен айланат. Түтүк валга кошулган жана аны айлантат. Вал келип, ага электр энергиясын берет. Казакстанды бүтүндөй камсыз кылбасак да, жакынкы айылдарды, тегеректеги конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо планыбыз бар.

Белгилей кетсек, Түркстан облусунун аймагында энергиянын кайра жанма булактарын өнүктүрүү боюнча атайын план иштелип чыккан. Жалпысынан жети жылдын ичинде облуста жалпы кубаттуулугу 220 МВт болгон 20 долбоор ишке ашырылган. Натыйжада, өткөн жылы энергиянын кайра жанма булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 357 млн ​​кВт саатты түздү. Ал эми быйылкы жылдын планы 400 миллион киловатт-сааттан ашты. Мындан тышкары, облуста ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу иштери башталды.

Бекет Өсербаев, райондук ишкердик бөлүм башчысынын орун басары

- Биздин бардык долбоорлорду кошкондо быйыл 5 миллиардга жакын инвестиция тартуу көздөлүүдө. Районубузда 24 гектардай өнөр жай зонасы иштеп жатат. Азыр ал жерде 5 долбоор ишке кирген. 11 гектарын алсак, калган 20 гектары бош турат. Учурда ушул жерге инвестиция тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков