Квазимемлекеттик долбоорлордун үлүшү азайып, ишкердикти каржылык колдоо көбөйөт. Казакстандын Өнүктүрүү Банкы 2023-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын карап жатат. Анын жаңыланган версиясында синдикатталган каржылоону жана башка кредиттик куралдарды киргизүү каралган. Ошондой эле, альтернативдүү энергия булактары сыяктуу экологиялык таза өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылык берилет. Каржы институту ата мекендик экспортчуларды колдоо булактарын кеңейтүүнү пландаштырууда. Маселен, өткөн жылы банк тарабынан каржыланган экспорттук операциялардын аркасында бир триллион теңген суммасында казак өнүмү экспорттолгон.
ДУМАН АУБАКИРОВ, «КАЗАКСТАНДЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:
- Экспорттолуучу өнүмдөрдүн тизмесине энергетикалык май жана кургак трансформаторлор, магистралдык тепловоздор, өсүмдүк майы, кондитердик азыктар, сүт азыктары, алкоголсуз суусундуктар, аммиак селитрасы, фосфор жана башка азыктарды экспортко чыгарып жатабыз.