Казакстан күрүч экспортун көбөйттү. 2022-жылдын алты айында ал 31%га, башкача айтканда 22,3 миллион долларга өстү. Бул тууралуу QazTrade маалымдады. Адистердин айтымында, орусиялык сатып алуучулардын ата мекендик өнүмгө суроо-талаптары өскөн. Дагы бир себеп рублдин курсунун көтөрүлүшү. Мындан улам казакстандык ишкерлер үчүн коңшу өлкөлөргө экспорттоо пайдалуу боло баштады. Соода саясатын өнүктүрүү борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө 2021-2022-жылдарга баш оона айынын аягына чейин күрүчтүн кору жетиштүү. Ал эми күзүндө жаңы өнүмдөр менен толукталат. Серепчилердин баамында, сырттан алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүн кошкондо ата мекендик өндүрүш казакстандыктардын суроо-талабын толук канааттандырууга жетиштүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков