Түркмөнстанда дан эгиндерин жыйноо аяктады

Түркмөнстанда дан эгиндерин жыйноо аяктады

Түркмөнстанда дан эгиндерин жыйноо ийгиликтүү аяктады. Өлкөнүн дыйкандары бир жарым миллион тоннага жакын буудай жыйнашты. Бул өлкөнүн муктаждыктарын канааттандырууга жетиштүү. Жакшы түшүм алуу бардык этаптарда жагымдуу шарттарды түзүүгө байланыштуу болду, анын ичинде жаңы өндүрүмдүү сортторду иштеп чыгуу да бар. Мисалы, селекциялык иштердин натыйжасында республикада буудайдын жаңы түрлөрү – «Сердар», «Аркадаг» жана «Пырагы» чыгарылды. Дагы бир фактор дыйкандардан мамлекеттик сатып алуу баасынын эки эседен ашык жогорулашы болду. Бул айыл чарба өндүрүшүн стимулдаштырууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого мүмкүндүк берди. Ошондой эле өлкөнүн аймактарында заманбап дан кабыл алуу пункттары, элеваторлор, тегирмен комплекстери ишке киргизилди. Белгилей кетсек, республика боюнча дээрлик 700 миң гектар жер жыйналды.

Отар Курбанбаев, чарба башчысы:

- Бизге себүүдөн баштап жыйноого чейин бардык керектүү нерселерди, анын ичинде алдыңкы айыл чарба техникасын беришти. Анын аркасында биз жыйноону кыска мөөнөттө жана минималдуу жоготуулар менен жүргүзө алдык. Машиналар жогорку өндүрүмдүү жана ишенимдүү. Эң негизгиси, аларды мобилдик бригадалар дайыма көзөмөлдөп турду: күйүүчү май, запастык бөлүктөр, оңдоо – баары жеринде, кечиктирилбестен.

Гадамджан Амашаев, чарбанын адиси:

- Биздин чарба үчүн бул жыл абдан оор, бирок абдан жемиштүү болду. Жамаат күздөн бери тынымсыз иштеди. Бирок, дан ташыган машиналар биринин артынан бири эмгегиңдин үзүрүн ташып баратканын көргөндө, абдан канааттанасың.

Которгон: Назира Бегалиева