6 ай ичинде Казакстандын агроөнөржай комплексине 616 млрд теңге инвестиция тартылды

6 ай ичинде Казакстандын агроөнөржай комплексине 616 млрд теңге инвестиция тартылды

Жыл башынан бери Казакстандын агроөнөр жай комплексине 616 млрд теңге инвестиция тартылды. Министрликте тармактын биринчи жарым жылдыктагы өнүгүү жыйынтыктары чыгарылды. Жалпы каражаттын 443 млрд теңгеге жакыны айыл жана балык чарбасына, 104 млрддан ашыгы азык-түлүк өндүрүшүнө, 70 млрдга жакыны суусундуктар өндүрүшүнө багытталды. Эң көп инвестиция Шымкент, Алматы, Актөбе жана Түндүк Казакстан облустарына тартылды. Айыл чарба министрлиги жалпысынан секторго 2 трлн теңгеден ашык инвестиция тартууга ниеттенүүдө. Жол картасынын алкагында 2027-жылга чейин Казакстанда жалпы наркы 3 жарым трлн теңге болгон 683 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө анын 50дөн ашыгы Түркестан, Алматы жана Костанай облустарында пайдаланууга берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков