Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Индия Казакстандын экономикасына 15 миллион долларга жакын инвестиция салды. Индиянын Казакстандагы элчилигинин башчысы Шубдаршини Трипати билдиргендей, ички рынок индиялык ишкерлер үчүн абдан жагымдуу. Анткени, өлкө аймагында биргелешкен ишканалардын түзүлүшү алардын чек аралаш рынокторго чыгуусуна шарт түзөт. Буга кошумча, Казакстан Индиянын Борбор Азиядагы эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Бүгүнкү күндө аталган Түштүк Азия мамлекети Казакстандан мунай, уран, фосфор, түрдүү жер семирткичтер, минералдык заттар сыяктуу өнүмдөрдү импорттойт. Индия өз кезегинде Казакстанга, мисалы, дары-дармектерди, уюлдук телефондордун аксессуарларын, кыш жана кремний блоктору сыяктуу курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн жеткирет. Ошентип, эки тараптуу соода-алмашуу бир жолго коюлган. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-тогуздун айларында гана тараптардын товар жүгүртүүсү 1,8 миллиард доллардан ашкан.
Шубдаршини Трипати, Индиянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Быйылкы жыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жаткан Казакстан жана көз карандысыздыктын 75 жылдыгын майрамдап жаткан Индия үчүн мааракелик жыл. Индия менен Казакстандын байыртан бери келе жаткан мамилелери байланыштырып турат. Тараптардын ортосундагы мамилелердин орногонуна 2000 жылдан ашты. Улуу Жибек жолу доорунда башталган мураскорлук азыр да уланууда. Эки тараптуу саясий жана ишкер мамилелер үзгүлтүксүз уланып келет. Биздин өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу абройлуу уюмдардын мүчөлөрү. Кызматташтыктын аянтын кеңейтүүгө дагы да дарамет бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков