Тактап айтканда, биринчиси 3,2 эсеге, экинчиси 7 эсеге өскөн. Башкаруунун бул түрлөрүн өркүндөтүүнүн аркасында өткөн жылы мамлекеттик казынага түшкөн киреше 42%га өскөн. Ошондой эле республиканын өздүк кирешеси боюнча план 103 пайызга аткарылды. Мажилисте өкмөттүн өткөн жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун каржы министри Ерулан Жамаубаев баяндады. Анын айтымында, 2022-жылы бюджеттин чыгашасы 56 стратегиялык багытка жумшалган. Республикада 15 миллион чарчы метрден ашык турак-жай пайдаланууга берилди, 247 жаңы мектеп жана 35 саламаттыкты сактоо объектилери курулду. Жалпысынан мамлекет бардык социалисттик милдеттенмелерди толук аткарды деп белгиледи Жамаубаев.
Ерулан Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, каржы министри:
- 2022-жылы пандемиядан кийин акырындык менен экономикалык өсүш жана ишкердик жигердүүлүк жанданды. ИДӨдүн өсүшү 3,3%ды түздү. Негизги факторлор: тейлөө секторунун, реалдуу сектордун өсүшү; экспорттун эсебинен соода балансынын бекемделиши, курулушта жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө жогорку инвестициялык активдүүлүктүн болушу. Азык-түлүккө жана чийки затка баанын жалпы дүйнөлүк өсүшүнүн фонунда Казакстанда инфляциянын деңгээли белгиленген көрсөткүчтөн ашып, 20,3%ды түздү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 7,9 пайызга өстү. Жумушсуздук 4,9% деңгээлинде сакталды.
Мажилистин жалпы жыйынында Өкмөттүн баяндамасына байланыштуу талдоочулук пикирин Жогорку Эсеп палатасынын төрайымы Наталья Годунова да билдирди. Анын айтымында, быйыл квазимамлекеттик ишканалардын мамлекеттик кепилдик менен алган насыялары боюнча аудит жүргүзүлөт. Текшерүү социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун бардык бөлүмдөрүнө да тиешелүү болот. Ал ушул жылдын аягында өткөрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы 2024-жылдын кулжа айында жарыяланат.
Наталья Годунова, Жогорку Эсеп палатасынын төрагасы:
- Үстүбүздөгү жылдын аягында Жогорку Эсеп палатасы мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Медициналык камсыздандыруу фондунун бардык 20 аймактык бөлүмдөрүндө комплекстүү текшерүүлөрдү жүргүзө баштады. Бул маселенин Жогорку социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, сиздердин көз карашыңыздарда, ушул аудиттин жүрүшүндө чагылдыруу зарыл болгон, бизге эң актуалдуу маселелердин тизмесин жөнөтүү сунушу менен сиздерге кайрылгым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков