Түркмөнстан чет өлкөлүк рынокко балмуздак жеткире
баштады. Биринчи экспорттук партия – карамель, шоколад жана каймак даамдары
Бириккен Араб Эмираттарына жөнөтүлдү. Өндүрүүчү ишкананын өкүлдөрү белгилегендей,
десерттер табигый ингредиенттерден: сүт, каймак, кант жана карамельден жасалат.
Завод аймактагы эң ири ишканалардын бири болуп саналат, суткасына 16–17 тоннага
чейин балмуздак чыгарат. Анын ассортиментинде 60тан ашык түрдүү даамдагы балмуздак
бар. Мындан тышкары, ишкана күн сайын 45 тоннага чейин сүт азыктарын, анын
ичинде сыр жана йогурттарды чыгарат. Ошондой эле эт, колбаса жана кондитердик
азыктар да өндүрүлөт, алар 15тен ашык өлкөгө экспорттолот, алардын арасында
Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Иран, Вьетнам, Индия, Ооганстан жана
Монголия бар.
Сердар Ходжагельдыев, Ишкананын лабораториялык бөлүмүнүн башчысы:
- Экспортко арналган кондитердик азыктар, шоколад жана балмуздактар кылдат
текшерүүдөн өтөт. Бул алардын бекемдигин жана бузулбастан ташууга туруштук бере
алаарын текшерүү үчүн зарыл. Айрыкча, тоңдурулган өнүм үчүн атайын жабдылган
транспорт каражаттарында көздөгөн жерине жеткенге чейин -30дан -35 градуска
чейинки Цельсий температурасын сактоо өтө маанилүү. Сапаты
жана «Адал» сертификатынын болушуна байланыштуу
продукция ички жана тышкы рыноктордо жогорку суроо-талапка ээ.
Которгон: Назира Бегалиева

