Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикалык өсүшүнө байланыштуу болжолун жакшыртты

Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикалык өсүшүнө байланыштуу болжолун жакшыртты

Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикасынын өсүшү боюнча болжолун жакшыртты. Каржы серепчилеринин айтымында, Казакстандын ИДӨмү 2023-жылы 4,1%, 2024-жылы 4,3%га чейин өсөт. Талдоочулар муну мамлекеттин инфраструктура жана дараметти жогорулатуу программаларын жаңыртууга жумшаган инвестициянын өсүшүнөн улам таасир эткен деп түшүндүрүштү. Инфляция дагы бир калыпта уланат. Келерки жылы ал 7,6% болот деп күтүлүүдө. Ал эми Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине келсек, ал жакта абал оң динамикасын көрсөтүп турат. Эл аралык каржы институту аймактагы экономикалык өсүш 4,5%дан  ашат деп билдирди. Жогору карай  карап чыгуу кезинде Казакстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы болжолунан да ашып түшкөн ички суроо-талап эске алынат. Ал туристтердин агымын, фискалдык стимулду, монетардык жеңилдетүүнү жана ички акча которуулардын көбөйүшүн көрсөтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.