Түркияга саякаттап барган казакстандыктар үчүн кирүү эрежеси өзгөрдү

Түркияга саякаттап барган казакстандыктар үчүн кирүү эрежеси өзгөрдү

Түркия эми казакстандыктардан ПЧР-тест тапшырууну талап кылбайт. Ал үчүн акыркы алты айда коронавирустан айыккан жана кеминде 14 күн мурун вакцина алгандыгын тастыктаган документти көрсөтүү керек. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, бул топко кирбегендер 72 сааттын ичинде алынган ПЧР-тестинин терс натыйжасы же 48 сааттын ичинде алынган антигендик сынама жыйынтыгы болушу кажет.

Бауыржан Алжанов, Казакстандын анкарадагы консулу:

Түркияда COVID-19 кырдаалы турукташкандыгына байланыштуу ушул жылдын кулжа айынын биринен баштап чет мамлекеттен келген жүргүнчүлөр үчүн өлкөгө кирүү эрежелери өзгөрдү. Өлкөдө эки жума ичинде вакцина алган жана 6 ай ичинде COVID-19 диагнозу коюлган жарандардан ПЧР-тестин талап кылбайт. Бул жерде бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Бул топтогу мекендештерибиз медициналык күбөлүк же эмдөө сертификаты менен далилдөөгө милдеттүү. Ал эми башка топтогулар ПЧР-тести же антигендик анализинин натыйжаларын көрсөтүшү керек. Пандемия учурунда эрежелерге тез-тез өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ошондуктан, жарандарыбыз чет өлкөгө барардан мурун, бара турган мамлекеттердин кирүү эрежелерине бир жолу көз жүгүртүп алганы жакшы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков