Орто кылымдагы Бытыгай шаары кайрадан жаңыртылат

Орто кылымдагы Бытыгай шаары кайрадан жаңыртылат

Акмола облусунун орто кылымдагы Бытыгай шаарынан быйыл табылган карапа идиштин сыры ачылды. Эске сала кетсек, байыркы экспонат өзгөрбөстөн ошол боюнча сакталган. Таң калычтуусу, бүтүн идиштин ичинде жарымынан көп толтурулган майга окшош күрөң түстүү суюктук табылган. Бул бүткүл Евразия аймагында болуп көрбөгөн жаңылык, дешет ата мекендик окумуштуулар.

Айнагүл Ганиева, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун илимий катчысы:

- Бул карападагы суюктук 700 жылдан бери жер кыртышында сакталган. Быйыл казуу иштери аяктагандан кийин банкадагы суюктуктун курамын атайын экспертизадан өткөрүү үчүн геологиялык изилдөө институтуна жибердик. Жыйынтыгы жакында келди. Анын натыйжалары уникалдуу. Эски кумурадагы адаттан тыш суюктук кадимки битум болуп чыкты.

Адистердин айтымында, табигый битум өндүрүш үчүн колдонулган. Кумуранын бийиктиги 40 сантиметр, туурасы 25, сыйымдуулугу 6 литр. Археологдор аны орто кылымдагы шаар маданиятына мүнөздүү делген уникалдуу конуштун байыркы устаканасын изилдөө учурунда табышкан.

Сергазы Сакенов, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун илимий кызматкери:

- Ошол убакта, 700 жыл мурун, жергиликтүү зергерлер жана жергиликтүү усталар мунай-химия тармагында битумду өз өндүрүшүндө колдоно алышкан. Эми биздин келечектеги сурообуз, ошол битум кантип табылды? Аны жер астынан шахта аркылуу алганбы? Кандай технология менен алды? Бул экспонаттардын бардыгы ошол кездеги техниканын өнүгүшүн көрсөтүп турат.

Казуу учурунда устаканадан кумурадан тышкары үч чоң таш жылмалоочу тегирмен, кыш куйган меш, сырдуу боёк жана кыштын калдыктары табылган.

Жеңиш Ермуканов, кабарчы:

- Ата мекендик окумуштуулар орто кылымдарда Улуу Талаанын курулушу кызуу жүрүп жатканын далилдешкен. Мисалы, Сарыарка төрүндө борборго жакын жерден табылган кыштар 13-14-кылымдарда жасалган. Алардын бир нече түрү болгон жана мамлекеттик стандарт боюнча иштелип чыккан. Мындай жасалгалоочу кыштар объекттин фасадын кооздоп, курулушта глазурь колдонулган. Анын өңү дагы деле ошол бойдон. Башкача айтканда, сапаты идеалдуу.

Аталган баалуу буюмдар орто кылымдын үч бирдей дооруна таандык: тагырак айтканда, Алтын Ордо, Жучи хандыгы жана Казак хандыгы тушундагы цивилизациядан кабар берет.

Сергазы Сакенов, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун илимий кызматкери:

- Бытыгай конушунун аймагы болжол менен 35 гектарга жакын. Ар кандай имараттар бар. Биз анын аз гана бөлүгүн каздык. Келерки жылы бул аймакта ири казуу иштери башталып, улантылат. Бул казуу иштеринен жакшы жыйынтыктарды күтөбүз.

Казуу иштери аяктагандан кийин өткөндөн кабар берген экспонаттар жаңыртылып, байыркы Бытыгай шаарын калыбына келтирүү көздөлгөн. Тарыхый жер туристтик жайга айланып, ачык асман алдындагы музей курулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков