Азыр ал кичи мекени тууралуу мультсериал тартып жатат. Толугураак кабарчыбыз баяндап берет.
Таасирдүү жана жаркын эмоцияларга толгон мультипликациялык анимация кинематографиянын компоненти болуп эсептелет. Ал эми 10 жашынан баштап аниме дүйнөсүнө кадам таштаган өспүрүмдүн эң жакшы көргөн кесиби – каармандарды кыймылга келтирүү. Жакында компьютерде сүрөт тартууга мүмкүндүк берген графикалык планшет сатып алдым. Калганын кесүү алуу кыйынга турбайт дейт жаш аниматор.
Досжан Бөкенбай, окуучу:
- Бизде 8 адамдан турган топ бар. Алар фондорду, башкача айтканда, имараттарды, көргөзмөлөрдү курушат. Ал эми мен ошол фондун үстүнө телефондон анимация каармандарды тартам. Башкы каарман Дарын. Ал таланттуу жигит, сүрөттү жакшы тартат. Ал сүрөт окуу жайына келгенде эмгекчил баланы көрүп, экөөнүн ортосунда чыр чыгат. Бул эки каармандын таланты жана эмгеги салыштырылат. Кайсынысы туура деген сыяктуу?
Автордун айтымында, анимациялык тасма таасирдүү, кыска жана баарына түшүнүктүү болушу керек. «Бейнеле» деп аталган сериал сүйүү жана достук, искусство менен эмгек сыяктуу темаларды камтыйт. Болгону 15 мүнөткө созулган 1 серияны тартууга 6 ай кетти. Жада калса саундтрегин да окуучулар өздөрү жазган.
Устин Комаров, сүрөт сабагынын мугалими:
- Досжандын биз жашаган шаарды чагылдырганы абдан туура болгон. Анткени мындай нерселерди көпчүлүк адамдар башка дүйнөдөн издей турганы анык. Бул жерден анын сүрөтчүгө жүктөлгөн милдеттерин терең түшүнүп турганын байкайбыз. Жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери аркылуу биз туулуп-өскөн шаарыбызды башка өңүттөн тааныйбыз деп ойлойм.
«Бейнеле» анимациялык мультсериалынын биринчи бөлүгү алдыдагы жазда көрүүчүлөргө сунушталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков