Казакстандык активдүү айымдардын социалдык багыттагы долбоорлорун колдоо. Бул максатта өлкөдө «JumpStart» инкубациялык программасы ишке ашырылууда. Ага республика боюнча 18ден 35 жаш аралыгындагы айымдардын 20 долбоорлору тандалып алынган. Программа аларды идеядан ишке ашырууга чейин үйрөтөт. Башкача айтканда, катышуучулардын ишкердик көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча атайын окуу курстары уюштурулган. Алардын ар бири үч ай бою кесибин өнүктүрүүгө салым кошкон заманбап инновациялык ыкмалар боюнча билим алышты. Эми катышуучулар өз демилгелерин инвесторлорго сунуштап, андан ары өнүгүү үчүн каражат топтошот. Программа муну дагы колдойт. Белгилей кетсек, аталган долбоор Казакстандагы АКШ элчилигинин колдоосуна ээ болгон.
Айгерим Джаналинова, «JumpStart» долбоорунун негиздөөчүсү:
- Жасалма интеллект менен социалдык таасирди кантип жакшыртуу керек деген сыяктуу ар кандай темаларды окуттук. Башкача айтканда, бизнести каржылык жактан кантип өнүктүрүү керек, инвестицияларды кантип тартуу керек. Жыл сайын биз ушундай долбоорлорду алып барууга аракет кылабыз. Социалдык долбоорлорду колдоо үчүн акселератор керек. Ошондуктан биз муну жалган курун айында баштайбыз деп ойлойбуз.
Сабина Жакиенова, «Alem Connekt» долбоорунун координатору:
- Биздин «Alem Connekt» аталышындагы долбоорубуз - Казакстандагы жогорку технологиялык түзүлүштөрдүн базасында биринчи Инклюзивдик демилге. Тактап айтканда, айтрекер менен иштейбиз. Монитордогу маалыматты көздүн кареги аркылуу окуп, иштетип, ошол аракетти аткарат. Башкача айтканда, коомго ыңгайлашуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар анын жардамы менен окуп, түрдүү аракеттерди аткарышат. Ал тургай, кесипти да өздөштүрө алат. Бүгүнкү күнгө чейин биз 67 баланы окуттук. Алардын экөө мектеп программасынын 2-чейрегин аякташты. Азыр трейкердин методикалык кызматы казак тилине которулуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

