Бүгүнкү күндө баланын аң-сезимин ойготкон оюн өткөн жылдын аяк оона айында Петропавл шаарындагы мектепке чейинки мекемелердин биринин окуу программасына киргизилген. Методист-адистер атайын чеберчилик курстарынан өтүшкөн.
Бейбарыс Кабдыракым, бала бакчанын тарбиялануучусу:
- Бош убактымда досторум менен топ болуп бестемше ойнойм. Мага бул оюн абдан кызык. Мен анда эсеп чыгарам, ойлоном санды табам. Бестемше — бул абдан кызыктуу оюн.
Егор Кшын, бала бакчанын тарбиялануучусу:
- Бул оюнду ойноо менен мен санаганды үйрөндүм. Кайсы сандар жуп, кайсынысы так экенин айта алам. Бестемше дүйнөдөгү эң кызыктуу оюн деп ойлойм. Биздин бала бакчада ар шаршемби күнү турнир өткөрүлөт. Балдар менен Астанада өткөн сынакка катышып, байгелүү орунга ээ болдук.
«Бестемше» классикалык эрежелер боюнча эки оюнчуга ылайыкталган. Атайын такта 10 оюндан жана эки топтоо тешиктен, ошондой эле 50 таштан турат, анын 26сын оюнчу чогултушу керек. Ким биринчи чогултса, ошол жеңүүчү аталат. Бала бакчанын тарбиячыларынын айтымында, оюндун жүрүшүндө үйрөнгөн чеберчилик алардын келечекте окуусуна шарт түзөт. Эми «Бестемшени» башка да мектепке чейинки мекемелердин арасында кеңири жайылтуу максаты турат.
Асел Калиева, бала бакча тарбиячысы:
- Семинарларды өткөрүп, уюштурдук. Кошумчалай кетсек, бала бакчабызда ар шаршемби күнү “Бестемше” күнү өткөрүлөт. Бул күн оюндун эрежелерин түшүнүп, ойногусу келгендер үчүн. Оюндун өзү уникалдуу. Эң негизгиси балдардын математикалык жөндөмүн, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө салым кошуп, ошондой эле балдарды Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков