«Кел, сүйлөшү» аттуу казак тили ийрими ачылды

«Кел, сүйлөшү» аттуу казак тили ийрими ачылды

Шаардын бардык аймактарында жайгашкан ийримдер акысыз, башкача айтканда, бардыгына жеткиликтүү. Ал жерде ар кандай темалар талкууланат. Казак тилин үйрөнүп жаткандардын арасында Диана, Иннеса жана Полина аттуу окуучулар бар.

Инесса менен Диана Майскийлер, окуучулар:

Мен башкалар менен эркин баарлашуу үчүн казак тилин үйрөнгүм келет.

Казак тили абдан кооз тил. Ошондуктан үйрөнүп жүрөм.

Полина Миллер, окуучу:

- Казакстан мага чоң таасир калтырды. Мага бул жерде баары жагат. Абдан кооз, меймандос эл. Достор дароо табылды. Баары мени кучак жайып тосуп алышты. Ушул жерде калып, казак тилин үйрөнүүнү каалайм.

Чоңдор арасында мамлекеттик тилди үйрөнүүгө дилгирлер аз эмес. Алган билимин башкалар менен бөлүшүп жүргөн мугалим Надежда Шушаникова казак тилин эне тилинен кем эмес суудай билет. Талаптын жогорулашына байланыштуу ийримдердин чөйрөсүн кеңейтип, шаардагы оюн-зоок борборлорунда ачуу пландалып жатканын айтат.

Надежда Шушаникова, казак тили мугалими:

- Шаар акимчилигинин демилгеси менен «Кел, сүйлөшөлү» аттуу казак тили ийримдери ачылууда. Социалдык түйүндөрдө жарнама чыккандан тарта чалуулар токтогон жок. Адамдар  келип окуп жатат. Алардын жашы ар кандай. Эмгекчил баладан эңкейген карыяга чейин кызыгып жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков