Темиртаудагы согуш ардагери 98 жашка толду

Темиртаудагы согуш ардагери 98 жашка толду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Куриленко жакында 98 жашка толду. Согуш жылдардын күбөсү Азыр Темиртаудагы жалгыз ардагер. Кылымга жакын жашына карабай ардагер дагы эле тың. 1944-жылы, болгону 17 жашында, аскерге чакырылган. Жеңишти зениттик артиллериянын курамында Польшада тосуп алышты. Николай Куриленко биринчи даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, «эрдиги үчүн» жана «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган. «Комсомольская правда» гезитиндеги Казакстандын Магнит тууралуу жарыясын окуп, согуштан кийин Темиртауга кайтып келди. «Казметаллургстрой» тресинде иштеген. Беш баланы тарбиялап, өстүрүп 10 небере, 13 чөбөрө, 3 кыбыра көрүп жатат.


Николай Куриленко, согуш ардагери:


- Жаштар көп билим алса экен деп тилейм. Ошол билимди муундан муунга улантсын. Окуу – билимдин аркасында мектеп менен ата-энелеринин кыялдары орундалсын.

Которгон: Илгиз Жамлабеков