Манжа издери казакстандыктардын жеке документтерине киргизилиши мүмкүн

Манжа издери казакстандыктардын жеке документтерине киргизилиши мүмкүн

Бул жаңычылдык документтерди берүү жана жокко чыгаруу эрежелеринде караштырылып жатат. Долбоор казакстандыктардын ачык талкуусуна чыгарылды. Документке ылайык, эми жеке күбөлүктө аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жынысы, берилген күнү, номери, колдонуу  мөөнөтү, документтин ээсинин колу, жеке идентификациялык номуру жана манжа издери сыяктуу маалыматтар камтылат. Ал эми улутуна келсек, аны өз каалоосуна жараша көрсөтсө болот. Эске салсак, Астанада жеке документтер менен паспорт берген терминалдары орнотулган. Эми Казакстандын жарандары документке өздөрү кол коюп же алмаштыра алышат. Жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарында терминалдарды орнотуу пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков