Түркияда «Хан Султан. Алтын Ордо» операсынын дүйнөлүк бет ачары өттү

Түркияда «Хан Султан. Алтын Ордо» операсынын дүйнөлүк бет ачары өттү

«Хан Султан. Алтын Ордо» операсынын дүйнөлүк бет ачары. Композитор Хамит Шангалиевдин чыгармасы Түркияда коюлду.  Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын репертуарындагы спектакль Жошы Улусунун түптөлгөндүгүнүн 800 жылдыгына арналды. Стамбулдагы Ататүрк башкы маданий борборунун сахнасындагы коюлумга  300 артист катышты. Алардын жандуу аткаруулары, укмуштуудай сахналык көрүнүштөрү жана декорацияларынын аркасында уникалдуу атмосфера тартуулады. Бул Улуу талаадагы маанилүү окуялардын көрүүчүлөрү гана болбостон, Алтын Ордонун калыптануу дооруна да сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берди. «Хан Султан» спектаклинде тарыхтын нугуна салып, мамлекеттин келечегин өзгөрткөн аялдын тагдыры баяндалат. Ал Алтын Ордонун Улуу кагандарынын бири - Берке хандын энеси жана Жошы хандын үчүнчү аялы болгон. Эки  күндүн ичинде сахналашкан чыгарманы Түркияда 4 миңден ашуун адам көрдү. Алар операнын таасирдүү музыкасына, декорациясына жана казак операсынын солисттеринин чеберчилигине таң калышты.


- Менде күтүлгөндөрдүн баары аткарылды! Бул ушунчалык укмуштуудай сонун болду. Сезимдерге толо, эмоцияларга бай болду. Музыка ушунчалык уккулуктуу болгондуктан, ага сүңгүп кирип кеттим.  Баары жогорку деңгээлде өттү!


- Тенор болобу же баритон болобу, артисттер сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүп, укмуштуудай чеберчиликте аткарышты.


- Мен операга да, артисттерге да ыраазымын! Оркестрдин аткаруучулук чеберчилиги, сахнанын кооздугу өзгөчө таасирге бөлөдү. Мен чынында абдан таасирлендим!  Бул жерде болгонума бактылуумун!


Которгон: Илгиз Жамалбеков