Казакстандык чеберлер кезектеги Гиннестин рекорддор
китебине дагы кирди. Бул жолу Павлодар облусунун колунан көөрү төгүлгөн
тигүүчүлөр дүйнөдөгү эң узун жуурканды тигип чыкты. Алар аны V Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндарында көпчүлүктүн назарына сунуштады. Чеберлер 11 200 метрлик жуурканды
жасоодо казак элинин байыркы колдонмо-прикладдык өнөрүнүн салтына көңүл буруп,
меймандостукту, молчулукту, көз карандысыздыкты билдирген түрдүү
оймо-чиймелерди жана түстөрдү колдонушкан.
Айман Сыздыкова, кол өнөр чебери:
- Эми ушундай бир түр оюу менен абдан татаал жуурканды
тигүүгө тапшырма берди. Бул жууркан менен тогуз ай бою алектендик. Бул борбордо
«узак өмүр сүрүү» аттуу биздин кичинекей бөлмөбүз бар. Бул жерге чогулганда,
баарыбыз бир адам сыяктуубуз. Бири-бирибизге акыл-кеңештерибиз менен ушундай
жуурканды жараттык.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков