Накталай эмес төлөмдүн жаңы тренди – мобилдик төлөмдөр

Накталай эмес төлөмдүн жаңы тренди – мобилдик төлөмдөр

Казакстандыктар мобилдик төлөмдөргө өтүүдө. Бүткүл дүйнөдө болгондой эле, республикада да мобилдик каржылоо учурдагы рыноктук тенденциялардын бири болуп калат деп күтүлүүдө. Өлкөдөгү бардык төлөмдөрдүн 83% онлайн режиминде мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, накталай төлөмдөр гана эмес, карталар менен төлөө дагы актуалдуулугун жоготуп жатат, - деп билдирет Finprom аналитикалык порталы. Бир эле жылдын ичинде уюлдук телефондор жана интернет аркылуу жасалган транзакциялардын суммасы 2,5 эсеге өстү. Жыл башынан бери онлайн төлөмдөрдүн көлөмү 29,5 триллион теңгени түздү. Ошол эле учурда, коронавирус пандемиясы жана социалдык аралыкты сактоо зарылдыгы дагы жараянды тездетти. Адистердин айтымында, товарларга жана кызматтарга мобилдик төлөм аркылуу төлөгөн колдонуучулардын көбү Актөбө жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Шымкентте. Ошол эле учурда бардык ата мекендик операторлордун абоненттери уюлдук телефон аркылуу акчаларын башкара алышат. Ушул жылдын теке айына чейин өлкөдө Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар 16 миллион уюлдук абоненттер эсептелген. Бир жылдын ичинде алардын саны дээрлик 7%га өстү. Бул динамика жылдан жылга өсүп келүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков