EGOV MOBILE тиркемесине кирүү биометрия аркылуу гана жеткиликтүү болот

EGOV MOBILE тиркемесине кирүү биометрия аркылуу гана жеткиликтүү болот

Мындан ары eGov Mobile тиркемесине жетикиликтүүлүк биометрия аркылуу гана ишке ашырылат. Ал тууралуу «Улуттук маалыматтык технологиялар» акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди. Иштеп чыгуучулардын жыйынтыгында, авторизация жүрүмү жеңилдетилген. Ал үчүн Digital ID видеоидентификациядан өтүп, ЭЦП-ачкыч алуу зарыл болот. Жаңылануу жарандарга тиркеменин функционалын кеңири колдонууга мүмкүндүк берет жана казакстандыктардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун сактоого багытталган. eGov Mobile мобилдик тиркемеси аркылуу 400дөн ашык мамлекеттик кызмат жеткиликтүү. Ай сайын 2,5 млн казакстандыктар  тиркемени активдүү колдонуп келишет.

 

Которгон: Нурлан Досалиев