Борбор калаада Улуттук Домбра күнүнүн алдында жана легендарлуу күүчү Дина Нурпейисованын 160 жылдыгына карата Атырау облусунун тарыхый-чөлкөм таануу музейинин фондунан алынган домбралардын коллекциясы коюлду. «Пернесинде сүйлөйт Улуу Талаа» деп аталган көргөзмөдө көрүүчүлөрдүн назарына коюлган 244 экспонаттын 88и ыйык аспаптар. Казактын ыры менен күүсүнүн күчүн даңазалаган, тарыхтын үнүн уланткан улуу экспонаттардын формалары менен жасалышына карата ар кандай чогултулган.
Рашида Харипова, Атырау облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү:
- Ал эми башка экспозициялардан айрмачылыгы - мында домбранын бир гана саны менен эмес, ошондой эле тарыхы менен да өзгөчөлөнүп турат. Музейдин фондуна 1975-жылы сөөктөн, жыгачтан жасалып, күмүш менен кооздолгон домбра келип түшсө, маданиятты колдоо жылы, маданий мурас жылдары алкагында, башкача айтканда, 2000-жылдары музей фонду көптөгөн домбралар менен толуктала баштаган.
Алардын катарында кылымдын өзгөчө аспабы Дина Нурпейисованын, баатыр жана доолбас акын Махамбет менен Абай домбраларынын көчүрмөсү, ошондой эле СССРдин Эл артисти Нургиса Тилендиев, Каршыга Ахмедияровдун, Рыспай Габдиевдин, Азидолла Искалиевдин, өлкөнүн эмгек сиңирген артисттер Мекес Төрешовдун, Айгүл Үлкенбаеванын домбралары бар.
Рашида Харипова, Атырау облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү:
- Менин колумдагы өзгөчө домбра. Бул Асима Измухамбетова энебиздин домбрасы. Асима энебиз Алматы шаарында республика боюнча өткөн сынакта 50дөн ашык нотага түшпөгөн күүлөрдү жеткирүү аркылуу аталган мелдештин рекордун жаңылады. Ал эми Курмангазы - «Эски кайрат», Макаштын башка да нотага түшпөгөн күүлөрүн элге жеткирүүчү.
Айдана Мурсалимова, Атырау облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин экскурсоводу:
- Казак жеринде алгачкы сонетти негиздеген улуу акын, улуу жазуучу Хамит Ергалиевдин домбрасы. Домбранын негизги өзгөчөлүгү - ал жалпы казактын улуттук аспабынын кулагы артында болсо, бул жерде бирөө артында, бирөөсү жанында жайгашкан. Аны жасаган автор - түркмөнстандык чебер. Хамит Ергалиев аталган домбра менен Курмангазынын толгоосун далай жолу эл алдында аткарып берген.
Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Аманжол Алтаев жанына алып жүргөн домбрасын 2007-жылы музей фондуна тапшырган. Касиеттүү аспаптын табиятын жакшы түшүнгөн өнөр чебери бул кымбат баалуу кенчти жүрөктү терметип, көңүл толкуткан улуттун болмушу, руханий бийик жана урпактарды тарбиялоодо баа жеткис курал деп эсептейт.
Аманжол Алтаев, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
- Домбранын үнү, анын кадыр-баркы өзгөчө. Казак элибиздин байыртан келе жаткан улуу байлыгын ушул домбра аркылуу көрүүгө болот. Биз өткөн заманда домбра аркылуу кайгы-муңубузду айтып, көңүл-черибизди чыгарган элбиз. Кубанычыбызды, сүйүнүчүбүздү ушул домбра аркылуу жеткирген калкпыз. Домбранын табиятында казактын улуу тарыхы жана улуттук касиети сакталган.
Белгилүү болгондой, Казакстанда Улуттук Домбра күнү негизделген. Бул жыл сайын теке айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү салттуу майрамга айланды. Иш-чара улуттук өнөрдүн урматына жана ата-бабалардын кесибин жандандырууга арналган. Бул казактардын маданий мурастарынын бермети - домбрага болгон сый-урмат. Атырау облусунун тарыхый-чөлкөм таануу музейи улуттук аспапты өлкөдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайылтууну көздөйт. Бул жаатта домбралар коллекциясын Түркиядагы Дина Нурпейисованын урматына ачылган сейил бакка коюу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков