Референдумга катышкандардын 77,18 пайызы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоду. Бул кулжа айынын бешиндеги добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы. Жыйынтык тууралуу брифингде Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди. Анын айтымында, 11 миллион 700 миңден ашуун шайлоочунун 8 миллионго жакыны жарандыгын билдирген. Референдумга респонденттердин 68,05 пайызы катышты.
Нурлан Абдиров, Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:
-Ошентип, «Республикалык референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 31-беренесине ылайык референдум өттү деп эсептелет. Референдумда кабыл алынган чечим милдеттүү болуп саналат жана актылар менен кошумча ырастоону талап кылбайт. Кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор референдумдун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков